Twitter response:

Чыпалак бала

Жанры: жомок-комедия Автору: Бактыгүл Чотурова Баланы эркелетип чакыруу эзелтен эле бар. Жомоктогу чоң ата Чыныбек деген небересин Чыпалак деп эркелетип алган. Бою чыпалактай болгону менен анын тентеги жанда жок, шаардык – эрке бала. Ал мектептен жайкы эс алууга тарап, айылдагы чоң атасынын үйүнө келет. Чыныбек айылдын жашоо турмушуна, түнкү жымыңдаган жылдыздарга суктанып уйкуга кетет. Мына, кызыктын баары ошол жерден башталат…! Бул спектакль – балдардын ой-толгоосун кеңейтүүгө, кыялдануусун өркүндөтүүгө, кыргыз тилин сүйүүгө, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, атуулдук мекенчил сезимин ойготууга тамаша аркылуу үндөйт. Койгон режиссер: Н.Асанбеков Музыкасы: Т.Рыслиев