Эртөштүк

er-toshtuk-afisha

Кыргыз элинин эң байыркы “Эр Төштүк” эпосунун негизиндеги бул жомок –укмуштар менен фантазияга бай, курч окуялары интерактивдүү, динамикалык өсүшкө бай жана абдан кызыктуу спектакль.

Анда жаныбарлар дүйнөсү менен адамдын өз ара мамилесин жана алардын бири-бирине болгон муктаждыгын, достук жардамы керектигин, ошол эле учурда жамандык менен жакшылык күрөшүндө бирге болуп, бирге жеңүүгө болоорун айкындайт.

Жомоктогу аллегориялык образдар турмуштагыдай жандуу жана кыйчалышта жол тапкан, кыйындыкта кол сунган мээримдүү, акылдуу жана таң каларлыктай өзгөчө өнөр-шыктары бар каармандар.

Режиссер-коюучу – Н.А. Асанбеков КРнын Эл артисти

Сүрөтчү коюучу – Ж. Бейшенбаев

Музыкасы – А. Юртаев

Цена билета 100 сом, оплата с трех лет, сопровождающий тоже приобретает себе билет.
Адрес: Абдрахманова 230а, пересекает ул. Мичурина.