Twitter response:

Куурчак спектаклдери

Иш-чаралар

Чакыруулар

Республикабызда биринчи профессионал куурчак театры Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин 1939-жылы 23-сентябрында кабыл алынган токтомунун негизинде Мария Павловна Волкованын демилгеси менен куурчак театры ачылат. М.П.Волкова театрдын көркөм жетекчиси, режиссёру жана артисткасы болгон. Балдарга арнап пьесаларды да жазган, ролдорду ойногон.
Кыргыздарда куурчак ойнотууга окшогон оюндардын бир топ түрлөрү белгилүү болгон. Ал оюндардын эл арасында аты чыккан куудулу, куурчак театрынын демилгечиси атактуу Адамкалый Байбатыров болгон.

Афиша

24-февралда саат 12-00 до Эл аралык ЭНЕ ТИЛ күнүнө карата “Чыпалак бала” аттуу жомокту тартуулайбыз!

Жанры: жомок-комедия
Автору: Бактыгүл Чотурова
Баланы эркелетип чакыруу эзелтен эле бар. Жомоктогу чоң ата Чыныбек деген небересин Чыпалак деп эркелетип алган. Бою чыпалактай болгону менен анын тентеги жанда жок, шаардык – эрке бала. Ал мектептен жайкы эс алууга тарап, айылдагы чоң атасынын үйүнө келет. Чыныбек айылдын жашоо турмушуна, түнкү жымыңдаган жылдыздарга суктанып уйкуга кетет. Мына, кызыктын баары ошол жерден башталат...!

Бул спектакль – балдардын ой-толгоосун кеңейтүүгө, кыялдануусун өркүндөтүүгө, кыргыз тилин сүйүүгө, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, атуулдук мекенчил сезимин ойготууга тамаша аркылуу үндөйт.
Койгон режиссер: Н.Асанбеков

Музыкасы: Т.Рыслиев

Спектакль “Шайыр достор”

Спектакль “Не улетай”

Спектакль “Тайбас”

Спектакль “Счастье для всех”

Галерея