Ромео Джульетта
«Бул дүйнөдө Ромео менен Жульеттанын кайгылуу сүйүүсүнөн өткөн баян жок…» — Уильям Шекспирдин бул өлбөс саптары М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахнасында жанданат.
Кылымдар бою уланган касташуунун курмандыгы болбой, тагдырдын катаал сыноолоруна каршы чыккан эки жаштын махабаты — адамдык бийик сапаттардын жана кечиримдүүлүктүн өчпөс гимни катары тартууланат.
Спектаклдеги касташкан эки тараптын кагылышуусу жана башкы каармандардын ортосундагы аруу сезимдер кыргыз жана орус тилдеринин айкалышы аркылуу берилип, адамдык сезимдердин тил тандабаган тереңдигин ачып берет.
Режиссёр-коюучу: Нурлан Асанбеков — Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Сүрөтчү: Юлдаш Нурматов – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери
Хореограф: Евгения Кыдышева
Композитор: Александр Юртаев
Действующие лица
–
Цена билета 500 сом, оплата с трех лет, сопровождающий тоже приобретает себе билет.
Адрес: Абдрахманова 230а, пересекает ул. Мичурина.
