
Кыргыз мамлекеттик куурчак театры – борборубуздагы балдар сүйгөн флагман театр, ал 87 жашта!
Кыргыз куурчак искусствосунун кылымдардан бери келаткан өз тарыхы бар. Ошол элдик чыгармачылыктын мыкты салттарын сактап, дүйнөлүк искусствонун жаңы формаларын өзүнө сиңирүү менен театр өз жолун тапты жана өз жүзү бар. Бир кылымга жакын убакыттан бери улам репертуарын кеңейтип, көрөрмандарын көбөйтүп, 1 жаштан 15 жашка чейинки жаш
көрүүчүлөр үчүн улам жаңы спектаклдерди байма-бай көрсөтүп келе жатат. Театрдын репертуарында салтту куурчак спектаклдердин, жомоктордун түрү бар, мисалы: “Теремок” (С.Маршак), “Шайыр светофор” (А.Богачев), “Каркыранын канаты” (Д. Киносито), “Кетпечи” (А.Болдинов), “Өтүкчөн мышык” (Н. Шувалов), ” Күн менин досум” (В.Маслов), “Томого” (“Найман эне” Ч.Айтматов), “Алиса кереметтер өлкөсүндө” (Л.Кэрролл), “Падыша Салтан жөнүндө жомок” (А.Пушкин), ж. б. Дүйнөлүк классиктерден баштап, чет элдик, жергиликтүү драматургдардын чыгармаларына чейин ойнолот.
Театр жыл сайын республикабыздын облустары менен алыскы аймактарына да оюн коюп кыдырып турат. Эл аралык фестивалдарга жана театралдык чыгармачыл сынактарга катышат. 2023-жылы театр Казакстандын Караганда шаарында жана Омск шаарында балдардын куурчак театрлары үчүн болуп өткөн Эл аралык фестивалга барды. ТИС (СТД) “Эргүү” Эл аралык сынагы менен “Айтматов жана театр” Эл аралык театр сынагына катышты. Балдар үчүн коюлган спектаклдердин ичинен “Кумурска – токой сакчысы” (А.Темирова) “Жылдын мыкты спектакли” номинациясын, “Атадан калган туяк”, (Ч. Айтматов) “Калыстар тобунун” сыйлыгы номинациясын жеңүүчү болду.

Адрес: г. Бишкек ул. Юсупа Абдрахманова, 230а
Моб. телефон: 0772 170 232, 0702 152 126
Городские телефон: 0312 670 617, 0312 670 641
E-mail: teatrkukol1939@mail.ru