Саламатсызбы!

hello-kg-afisha

Чоңдор да, балдар да, кимдир бирөө менен учурашса, же рахмат айтса, же маселесине көңүл бурса, бул бир нерсе үчүн эле эмес. Бул анын адамдык сапатын, адептүүлүгүн жана сылыктыгын көрсөтөт. Сылык айтылган — “кечириңиз”, “суранам”, “рахмат” деген сөздөр дайым маанилүү жана көп нерсени билдирет. Адептүүлүк бул жөн гана сылык-сыпаа сөздөрдү айтып коюу эле эмес. Адептүүлүгүңдү жасаган иштериң да айкындайт. “Сылыктык айтууга оңой бирок өтө баалуу нерсе.” Минтип М.Сервантес айткан. Ал эми турмуштан алынган даанышман сөздө: «Сылыктык эң бир жөнөкөй нерсе, бирок көп нерсеге жеткирет» делет.

Койгон режиссер: Б. Ходырев
Кыргыз тилинде койгон реж: Ильич Касымбеков
Сүрөтчү: А. Степанов
Композитор: А. Михайлов
Кыргыз тилинде которгон: Алтынай Темирова

Каармандар

Күчүк жана 1-актёр — Нуржан Тойчикеева, Бурулсун Дубанбек кызы
Козу жана 2-актёр — Айтунук Бучукова, Гулиза Мусабаева
Мышык жана радио — Манасбек уулу Сактанбек
Чоң эне жана чымчык — Таалай Казиев

   Билет баасы 200 сом, үч жаштан баштап төлөөгө уруксат берилет, билетти коштоп жүргөн адам да алат.
Дареги: Абдрахманова 230а, көч. менен кесилишет. Мичурин.