Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын тарыхы

teatr

   Куурчак театры Кыргызстанда адистештирилген театралдык искусство катары ХХ-кылымдын 30-жылдары пайда болгон. Куурчак ойнотуу өнөрүнүн алгачкы чебери болуп Адамкалый Байбатыров эсептелет, анткени ал театр мекемеси ачылганга чейин эле өзү жасаган куурчактар менен эл аралап өнөрүн көрсөтүп жүргөн алгачкы устат. Адистешкен Кыргыз труппасынын түзүлүшү анын аты менен тыгыз байланыштуу.   1938-жылы Фрунзеге келген Мария Павловна Волкова республикада алгачкы адистешкен театр түзүп анын алгачкы режиссеру жана артисти да болуп ойногон, о.э. балдар үчүн жаңы пьесаларды жазган. Найденованын пьесасы боюнча ал койгон спектакль «Лисичка-сестричка» театрда коюлган биринчи спектакль болгон. О.Сарбагышевдин «Зарлык менен Дөө» жомок-спектакли алгачкы кыргыз авторунун пьесасы болуп калды.

   1945-жылы театрга режиссер и драматург Виктор Александрович Швембергер келди. Ал келгени, театрда чоң өзгөрүүлөр жүрүп, алгач ирет артисттердин кыргыз группасы ачылды (1945-ж.); жаш актёрлордун чеберчилигин дайым арттырып турууга зор эмгек жумшалып, атайын окуулар жүргүзүлдү. Артисттер куурчактарды ойнотуу өнөрүнүн татаал сырларын теориялык жана практикалык жактан да үйрөнүштү. Кызыктуу образдарды түзүп, жакшы спектаклдерди коюу боюнча театрга абдан чоң өзгөрүүлөр кирди.  В.А.Швембергер менен котормочу, драматург К.Эшмамбетов биригип: «Таластык мерген» пьесасын жаратты. 1975-ж.спектакль Орто Азия жана Казахстандын I-куурчак Фестивалына катышты.  1976-ж. Москва шаарында өткөн Театрлардын дүйнөлүк конгрессинде көрсөтүлдү. Бул авторлор өз өмүрлөрүн көп жыл бою театрга арнап өтүштү. Театрдын Репертуарын: Шекспир менен Пушкин, Андерсен менен Уайльд, Перро менен Михалков, Джантошев менен Айтматов, Бектенов менен Абдумомунов көрктөдү. Афишаларда: жаш драматургдардын аттары пайда болду, ал кезде жаңы баштаган, азыр көрүнүктүү драматург Жалил Садыков, куурчак театрынан жетилип драматург аталды.

Adamkaly_Baybatyrov
Zhalil_Sadykov
Victor_Alexandrovich_Schwemberger
Kasımbek_Esmambetov
history-img03
history-img06

   30 жылда анын 10 пьесасы куурчак театрда спектакль болуп коюлду. Ал кезде баардыгы болуп 300 спектакль коюлган. Б. Өмүралиев, М.Тойбаев, Э. Мусаев, Ж. Кулманбетов, Ж. Саалаев, Ж.Айткулиев өздөрүнүн балдар үчүн кызыктуу чыгармаларын сунушташып, театр менен тыгыз иштешишти. Искусствонун эмгек сиңирген ишмери, жаштардын камкор жана мыкты устаты К.Саскеев болчу. Театрга таланттуу режиссер А.И. Кулакованын келиши жаңы доорду баштады. Баарыга белгилүү жомоктор куурчактар менен да актёрлордун өздөрү каарман болуп ойноосу менен да жүргүзүлө баштады. Театрдын өнүгүп-өсүүсүнө актёрлор менен актрисалардын алгачкы мууну чоң үлүшүн кошту: А.Волчек, А.Өмүржанов, А.Анчарова, Л.Дёмина, Х.Дүшамбинова, М.Таранчиев, К.Алгожоев, Д.Бошкоева, А. Усольцева, Н. Самородов, А.Алгожоева, В.В.Анникова, Н.Абдыкеримов, Р.Полякова, М.Щербань, Т.Старжинская, Е.Матвеев, А.Пидан, Л.Пидан ж.б. Куурчактар сахнасынын сценографтары болуп: Е.Эгиз, И. Мухина, А. Торопов, Н.Андриянов, С.Мохов ар башка жылдары иштешти.

   Бул искусствонун чоң энтузиасты С Дараган болду, ал жаңы театрды курууда чоң реформаларды жүргүздү. Анын спектаклдери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө көргөзүлүп чет элдердеги көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жараткан. Ал жылдары коюлган спектаклдердин композиторлору: К.Молдобасанов, Б.Костромитинов, Е.Шульц, А.Шварц. О. Названова болду. Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын тарыхында дүйнөлүк, кыргыз, орус драматургиясынан көптөгөн авторлорунун чыгармаларынан 500 спектакль коюлду. Алардын ичинен унутулгустар: «Ак Аркар», «Таластык мерген», «Кызыл топучан», «Жаңгак бутагы», «Аладдин жана сыйкырдуу чырагы», «Анчар менен Ак-Бугу», «Эр-Төштүк», «Найман эне» ж.б. Театрдын репертуарына: Шекспир менен Пушкин, Андерсен менен Уайльд, Перро менен Михалков, Жантөшев менен Айтматов, Бектенов, Абдумомунов менен Өмүралиев кошулду.  Театр Борбордук Америка менен Африка, Азия жана Европа өлкөлөрүнө гастролдо ийгилик жаратты.

history-img02
history-img05
history-img07
medal

   Театр 85 жылдык тарыхында көптөгөн муундагы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды, Эл аралык фестивалдарда, «Нооруз» фестивалында Грамоталар, Дипломдор менен сыйланды.  Театрыбыз, СССР Маданият министрлиги менен СССР маданият кызматкерлеринин профсоюзунун БКнин театралдык оюн-зоок иш-чараларынын Бүткүл союздук мелдешинде  бир нече жолу жеңүүчү болуп, Ардак Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган (1982, 1984, 1986, 1988). Кыргыз ССРинин 60 жылдыгында Республикалык Куурчак театры 1985-ж. Кыргызстандын БК КП Кызыл туусу менен сыйланып Эмгек Даңкы Китебине жазылган.

   Театр басып өткөн жолунда, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо жана элеттик көрүүчүлөрдү тарбиялоо боюнча бир нече жолу Бүткүл союздук жана Республикалык конкурстарда биринчи орундарга ээ болгон. 1982-ж. чет өлкөлөргө гастролдоо доору башталды: Борбордук Америка менен Европа, Азия жана Африка өлкөлөрү алыскы Кыргызстандын спектаклдерин суктанып көрүп атышты, ал эми; «Таластык мерген», «Жаңыл Мырза» жана «Эр Төштүк», Алжир, Афганистан, Никарагуа жана Монголиянын мамлекеттик Ардак Грамоталарына ээ болушту. Спектаклдер, гастролдор өткөн өлкөлөрдүн: дари, араб, испан, монгол тилдеринде ойнолуп атты. Театр өз тарыхында көптөгөн Эл аралык фестивалдарга катышып, Гран-При да алып, жеңүүчүлөрдөн да болуп келген: Ташкентте (1975, 1976); Москвада (1978); Алжирде (1982); Манагуада (1987), Улан-Батордо (1989). Ташкентте (1995), Актөбөдө (2004), Казаньда (2009); Алматыда (2011); Душанбеде (2012).

history-img04
history-img08
history-img10
history-img01

   Кыргыз Мамлекеттик Куурчак театрында 1981-2006 – жылдары (25 жыл) КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубанычбек Алиев жетекчи болгон. Театрыбыздын заманбап чыгармачыл коллективинин улуу муундагы артистери: КР Эл артисти – В.В. Анникова, КР Эл артисти – Ж.А.Эркимбаев; КР Эмгек сиңирген артисттери – Р.Качкынова, Н.Мусаева, Э.Шикматова,  И.Касымбеков жана көп жылдардан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу артисттер; Ж.Айткулиев, Л.Горохова, Г.Эркимбаева, Ш.Кадыралиева, Н.Кулманбетова, А.Мамбетакунов; жаш, таланттуу артисттерибиз – Н.  Тойчикеева, С. Качкынбеков, Э.Адылбеков, А.Байбеков, Ы.Жакыпбеков. Д.Эшимбеков, Г.Мусабаева, Б. Дубанбек кызы, Т. Мукамбет уулу, Н.Карелина, ж.б.өз чеберчиликтерин бөлүшүп, устат болуп иштеп келе жатышат. Театрдын азыркы учурдагы Көркөм жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбеков мындай дейт:

   Куурчак театрынын артисттери өз кесиптерине өтө берилген адамдар. Бул өнөр өтө татаал жана көп эмгекти талап кылат, ага бардык күчүңдү жумшашың керек. Балдар табиятынан абдан сезгич болгондуктан, жасалмалуулукту дароо туюшат, андыктан жан-дүйнөсү назик, жаш наристелердин алдына чыгуу, бул кесипти эки эсе жоопкерчиликтүү жана оор ишке айлантат.»  Азыркы учурда Кыргыз мамлекеттик театрынын директору Болотбек Куланбаев: «Куурчак театры – өзгөчө театр, анткени,бул наристелердин руханий дүйнөсүнүн андан аркы өсүүсүндөгү алгачкы кадам болуп саналат. Баланын дүйнө кабылдоосу жаңыдан калыптанып жаткан жана келечектеги Инсан катары маданияттуулукка тарбияланып жаткан учур. Бала эмне жакшы, эмне жаман экенин биле баштайт.Театр көркөм табитти да тарбиялайт, элдик маданият менен ата-бабалар наркын кадырлай баштайт.  С.В. Образцовдун да мындай деген сөзү бар: «Балдарга өтө жаман жактарды, нерселерди көрсөтүп коркутуунун кереги жок.Биз – храмдай, мечиттей, синагогадай эң жакшы нерселерди, маанай көтөрүп акыл кошкон руханий жана көркөм сулуулукту таанытышыбыз керек.

history-img14
history-img12
history-img09