
Жолдош Эркимбаев
Билими жана чыгармачылыгы
1972-жылы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына кабыл алынган. Көптөгөн спектаклдерде ойноп мыкты ролдорду чыгарды: “Жаңыл Мырза”, “Толубай Сынчы”, ” Эр Төштүк”, “Манкурт”, “Атадан калган туяк” ж.б.
Катышкан фестиваль жана гастролдору
Гастролдорго 1982-1989-жылдары: Никарагуа, Ооганстан, Монголия, өлкөлөрүнө барып; Москва, Алматы, Ташкент, Душанбе, Казань, Омск, Шымкент, Актобе шаарларында болгон фестивалдарга катышкан
Телевидение
КТР каналындагы балдар үчүн: “Бөбөк сенин жомогуң” деген берүүдө Жомокчунун ролун аткарган.
Алган Наамдары жана сыйлыктары
1999-жылы “КР эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамын алган.
2016-жылы Эл аралык театр күнү – 27-мартта “Эргүү” диплому менен сыйланган.
2021-жылы “КР Эл артисти” деген ардактуу наам ыйгарылган.
2024-жылы Иран мамлекетинин Тегеран шаарындагы Эл аралык театралдык фестивалга “Эр Төштүк” спектакли менен катышып “Грамота” менен сыйланып келди.

Рабига Качкынова
Билими жана чыгармачылыгы
1968-жылдан М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет.
Анын көп жылдык чыгармачылык тажрыйбасы бар, биринчи категориядагы сүрөтчү.
Куурчак театрында чыгармачылык
Жылдар ичинде ал ондогон спектаклдерде жаркын образдарды жаратты, анын ичинде:
“Шайыр достор” – мышык,
“Акылдуу мышык” – Кемпир,
“Ачууланган чал” – Күчүк,
“Чыныгы дос” – Түлкү,
“Кыялчы Егорка” – Сакан,
“Апата” – Күчүк,
“Мен баарын билгим келет” – Бегемот,
“Том Бармак” – Карга,
«Кичинекей солдат» — Чоң эне.
Алган Наамдары жана сыйлыктары
2000 — «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

Нурбүбү Мусаева
Билими жана чыгармачылыгы
1973-75 ж. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драм театрынын алдындагы Театралдык окуу жайды бүтүргөн. Залкар режиссёр Бообек Ибраев жана залкар артисттер: Гүлшара Дулатова, Галина Ибраева, Жумабек Козукеев, Гүлсара Ажибекова, Жанузак Молдобаев. ж.б мыкты адис мугалимдерден билим алган. 1976-жылдан бери М.Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенип келе жатат.
Катышкан фестиваль жана гастролдору
1986-87-ж.ж.гастролдорго: Никарагуа, Ооганстан, Монголия, Тажикстан, Иран (2024-ж.) өлкөлөрүнө барып; Москва, Алматы, Ташкент, Душанбе, Казань, Омск, Шымкент, Актобе шаарларында болгон фестивалдарга катышкан.
Чыгармачылык
Балдар үчүн, Жаңы Жылдык оюн-зоок, майрамдарга сценарийлерди жазып тартуулап келет.
Жүзгө жакын спектаклдерде ойноп, жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жаратты. Ж.Садыковдун: “Акылкарачач», “Жылдыздуу бала”, «Жаңыл Мырза», Т.Абдумомуновдун: «Карагул ботом», Ч.Айтматовдун “Бугу эне”, “Найман эне” (“Томого”), «Атадан калган туяк» ж.б.
КТР каналындагы балдар үчүн: “Бөбөк сенин жомогуң” деген берүүдө ар түрдүү образдарды жараткан, үн коштогон.
2010-жылы «Ишенимдүү дос» аттуу жомогун жазып балдарга тартуулаган.
Алган Наамдары жана сыйлыктары
2000-жылы “КР эмгек сиңирген артисти”;
2010-жылы “КРнын Ардак Грамотасы”;
2021-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери» жана көптөгөн «Диплом”, “Грамоталар» менен сыйланган
2024-жылы Иран мамлекетинин Тегеран шаарындагы Эл аралык театралдык фестивалга “Эр Төштүк” спектакли менен катышып “Грамота” менен сыйланып келди.

Эркин Шикматова
Билими жана чыгармачылыгы
1973-1975 жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драмтеатрдын астындагы Театралдык студия окуу жайын окуп бүтүргөн. 1978-жылдан бери Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет
Катышкан фестиваль жана гастролдору
1982-1989-жылдары чет өлкөлөргө гастролдорго: Никарагуа, Ооганстан, Монголия өлкөлөрүнө барып; Москва, Алматы, Ташкент, Душанбе, Казань, Омск, Шымкент, Актобе шаарларында болгон театралдык фестивалдарга катышкан.
Чыгармачылык
Буга чейин жүздөгөн ролдорду чыгарды: «Карагул ботомдо» – Карагулду; «Кыялкеч Егордо» – Егорканы; «Чыпалак балада» – чоң эне; «Атадан калган туякта» – чоң эне; «Туулган күндө» – Алена, «АпаАтада» – тоок жана кыз; «Баардыгын билгим келетте» – маймыл, куш, «Шайыр достордо» – Бакыт, «Эр Төштүктө» – чоң эне; «Ишенимдүү досто» – карга, түлкү, ж.б. ролдор. КТРК каналындагы балдар үчүн берилген көрсөтүүлөрдө дагы көп жыл иштеген.
Алган Наамдары жана сыйлыктары
2006-жылы “Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы” менен сыйланган;
2009-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы берилген.

Ильич Касымбеков
Билими жана чыгармачылыгы
Көп жылдык тажрыйбасы бар сахна чебери.
1987-жылдан бери М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет.
Куурчак театрында чыгармачылык
Бул жылдар аралыгында ал көптөгөн жандуу сахналык образдарды жараткан:
“Шайыр достор” – ит,
“Акылдуу мышык” – командир,
“Ачуу чал” – Эшек,
“Чыныгы дос” – аюу, ит,
“Апата” – Почтачы, Короз,
“Мен баарын билгим келет” – Бегемот, Арстан, Крокодил,
“Найман эне” – Жоламан,
“Кичинекей солдат” – аксак фронт жоокери,
“Чыныгы дос” (2010),
“Токой сакчысы – кумурскалар” (2023).

Нургүл Кулманбетова
Билими жана чыгармачылыгы
1997-жылы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайын бүтүргөн. Актердук чеберчиликтен жетекчиси – КР Эл артисти Гүлайым Каниметова. Куурчак ойнотуу боюнча жетекчиси – КР эмгек сиңирген ишмери Бурул Асакеева болгон.
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында эмгектене баштаган.
Театрдагы жана телевидениедеги чыгармачылык
Бөбөктөр үчүн “Рабаят” телеберүүсүндө куурчактарды (козу, мышык бала, ж.б.) ойноткон.
КТРКнын бөбөктөр үчүн “Бирге окуйлу” теледолбоорунун 4-сезонунда Бомпош аарынын образын куурчак менен ойногон.
Кошумча билим берүү жана иш-чаралар
2007-2010-жылдары КТРКнын котормо студиясында (Дөөлөт студиясы) дубляж режиссеру болуп кошумча эмгектенген.
2009-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналива атындагы.
Искусство институтунда драма режиссеру факултетин бүтүргөн. Жетекчиси: КР Эл артисти Замир Сооронбаев жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аман Жапаров
Кинотармагында
Жаныш Кулмамбетовдун “Жапайы селки” фильминде Өгөй эненин образын жараткан.
“Москва сүйүүсү” фильминде мигранттын аялынын образын-эпизоддук ролду чыгарган.

Нуржан Тойчикеева
Билими жана чыгармачылыгы
2012-жылы Б.Бейшеналиева атындагы университетке өтүп; 1- курстан 3-курска чейин жетекчиси Сатылган Сазаев болгон. 3-курстан баштап Сайрагул Эсенбаева менен Болот Тентимишовдун жетекчилигинде университетти аяктаган. «Эр Төштүк” спектаклинде Гүлайымды, “Үйлөнүү” спектаклинде Фёкла Ивановнанын образын жараткан.
Чыгармачылык
2014-жылдан бери Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында иштейт. Аткарган рольдору: “Ак кемеде” – Бала, Эр Төштүк – Кенжеке, “Туулган күндө” – Акылай, “Найман энеде” – жоокер, “Атадан калган туякта” – Мыкы, ж.б.
Алган Наамдары жана сыйлыктары
2024-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Эрнис Адылбеков
Билими жана чыгармачылыгы
2012-2018-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Маданият жана Искусство университетинин Театр жана кино факультетин окуп, ийгиликтүү аяктаган.
Окуу жайда ойногон спектаклдери: Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналарында” – Чекиш чал, Александр Вампиловдун “Улуу уулунда” – атасы Миша, Анатолий Софроновдун “Уулунда” – атасы, В.Шекспирдин – “Король Лиринде” – Глостер, “12-күнүндө” – Мальволо, ж.б.
Катышкан фестиваль жана гастролдору
2018-жылы Москва шаарындагы С.В.Образцов атындагы куурчак театры уюштурган Эл аралык куурчак театрларынын фестивалында Ч.Айтматовдун “Найман эне” спектаклиндеги Жоруну ойноп, театр Гран-При алуусуна салым кошкон.
2022-жылы Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Алакай куурчак театрынын “Ассаламуалейкум” аттуу Эл аралык куурчак театрларынын фестивалына театр Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” спектакли менен катышып баланын атасы, жоокер – Токтосунду ойногон.
2024-жылы Иран мамлекетинин Тегеран шаарында болуп өткөн Эл аралык куурчак театрларынын фестивалына А. Темированын “Эр Төштүк” спектакли менен катышып, башкы каармандардын бири – Көк дөөнү ийгиликтүү ойноп “Грамота” менен сыйланды. Театрда ондон ашык спектаклдерде көптөгөн ролдорду аткарып келе жатат.
Чыгармачылык
2015-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын артисти.
Кинотармагында
“Жадеит ” – бандит, “Периште ” – Үтүй, “Агатай” – бандит.

Таалайбек Мукамбет уулу
Билими жана чыгармачылыгы
2014-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драмтеатрдын астындагы Театралдык студия окуу жайын окуп бүткөн.
2015 -жылы Шаршен Термечиков атындагы Сатира театрына кирип иштей баштаган.
Куурчак театрында чыгармачылык
2019-жылдан баштап Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында иштейт. “Туулган күн” спектаклинде Сухроп; “Эр Төштүктө” – Жер тыңшар Маамыт; “Саламатсызбы!” спектаклинде – Кемпир жана Куш; “Алдар Көсөөнүн жоруктарында” – Бай жана Алдар Көсөө; “Атадан калган туякта” – Борош; “Шайыр достордо” – Күчүк; ж.б.

Гулиза Мусабаева
Билими жана чыгармачылыгы
2016-2021жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Маданият жана Искусство университетинин «Куурчак актеру» бөлүмүн окуп ийгиликтүү аяктаган.
2021-жылдан бери М.Жангазиев атындагы куурчак театрында иштеп келе жатат
Куурчак театрында чыгармачылык
Ойногон рольдору: А.Темированын «Кумурска токой сакчысында» – Ийнелик, «Эр Төштүктө» – Куюн Мамыт, Ч.Айтматовдун «Атадан калган туякта» – Жибек, «Ак кемеде» – Кемпир, ж.б.
Катышкан фестиваль жана гастролдору
Эл аралык фестивалдардын катышуучусу. Тегеран шаарында “Грамота” менен сыйланган.

Бурулсун Дубанбек кызы
Билими жана чыгармачылыгы
2016-2021-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Маданият жана Искусство университетинин Театр жана Кино факультетиндеги куурчак актеру бөлүмүн окуган.
2021-жылдан бери М.Жангазиеев атындагы Кыргыз мамлекттик куурчак теарында эмгектенүүдө.
Куурчак театрында чыгармачылык
Ойногон ролдору; А.Темирова “Эр Төштүк” – Жезкемпир, “Кумурска токой сакчысы” – Аары, Ч.Айтматов “Атадан калган туяк” – Жээнгүл, “Ак кеме” – Бекей, Л.Молдалиева “Алдар Көсө” –Карачач, ж.б.ондогон спектаклдерде.
Кошумча иш-чаралар
Маданият жаатындагы иш-чараларга активдүү катышып келет.

Валентина Анникова
Титулдар жана регалия
Көп жылдык тажрыйбасы бар жогорку категориядагы актриса, режиссер жана мугалим.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1983-жылдан).
Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2022-жылдан).
Куурчак театрында чыгармачылык
1973-жылдан бери М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет.
Спектаклдердеги ролдору:
“Кар ханышасы” – Кай,
“Буратино” – Буратино,
“Кызыл жоолук жалжалым” – Кызыл шапкечен,
“Керик жана жираф” – Жираф,
“Кызыл гүл” – Алёнушка,
“Кичинекей пил” – Кичинекей пил,
“Төө куштун жоруктары” – Кичинекей төө куш,
“Чымчыктын сүтү” – Маша, Елена Акылдуу, Шайтанчик,
“Кыялчы Егорка” – Егорка,
“Токой сааттары” – коён,
“Алдамчы түлкү” – Түлкү,
жана башкалар.
Чыгармалары жана режиссёрдук иштери:
“Ферда байке” (1993),
“Таластык мергенчи” (1993),
“Токойдогу окуялар” (1994),
“Сыйкырдуу чака” (2009),
“Баарына бакыт!” (2010),
“Бул болушу мүмкүн эмес?!” (2014),
«Цар Салтан жомогу» А. Пушкин (2023).

Людмила Горохова
Титулдар жана регалия
Жогорку категориядагы артист.
Куурчак театрында чыгармачылык
2014-жылдан бери М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында эмгектенип келет.
Спектаклдердеги ролдору:
“Кызыл гүл” – Алёнушка,
“Дори-Дори капитан” – капитан,
“Аладдиндин сыйкырдуу чырагы” – Принцесса Будур,
“Жылдыз бала” – Бала,
“Кичинекей периси” – Жылкы,
“Алдамчы түлкү” – коён,
«Кыцык-Мыцык» – Марина,
“Шайыр светофор” – Кыз, Кулан,
“Салам” – Пиглет,
“Бут кийген ириң” – коён,
“Рахмат турна” – Унзу,
“Маша жана Аюу” – Чоң эне, коён.

Шарапат Кадыралиева
Билими жана чыгармачылыгы
1995-жылы Б.Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүрүп, М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрына актриса болуп ишке орношкон. “Курманжан датка”, “Теңирим Манас”, “Унутулгус күндөр”, “Жыландар ханышасы” ж.б. спектаклдерде ойногон.
Улуттук оркестрдин солисти жана комузчу катары бардык концерттерге катышкан.
Куурчак театрында иштейм
2007-жылдан бери М.Жангазиев атындагы куурчак театрында иштеп келе жатат. Балдар үчүн Жаңы-Жылдык спектаклдерди жана майрамдарга арналган Шоу программаларды койгон.
Фестивалдарга катышуу
Казань, Ашхабад, Актөбө, Алматы, Москва (Гран-При) шаарларындагы Эл аралык фестивалдарда “Томого” спектакли менен катышкан
Спектаклдердеги ролдор
Спектаклдери: “Теремок”, “Кыялкеч Егорка”, “Мындай болушу мүмкүн эмес”, “Коёндун жоруктары”, “Күн коёну”, “Алладиндин сыйкырдуу чырагы”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, “Салтан падыша жөнүндө жомок” ж.б.
Кошумча иш-чаралар
2024-жылдан бери театрдын Орус группасында Көркөм жетекчинин жардамчысы.

Ырыскелди Жакыпбеков
Билими жана чыгармачылыгы
2013-2018-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы университеттин драмалык театр менен кинонун актеру жана педагогу факулттетинде окуган. Жетекчилери: “Кыргыз Республикасынын эл артисти” А.Абдыкалыков, Б.Тентимишев, С.Эсенбаева. Студент кезинде: “Үйлөнүү”, “Скапендин жоруктары”, “Кыз күйөө” спектаклдеринде ойногон
Кесиптик ишмердүүлүк
2016-2018-жылдары Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драмтеатрында иштеген.
2019-жылдан бери М.Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенет.
Спектаклдердеги ролдор
Спектаклдери: “Светофор”, “Өтүкчөн мышык”, “Күн коёну”, “Саламатсызбы?”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, “Маша + Миша”, “Мындай болушу мүмкүн эмес”, “Падыша Салтан жөнүндө жомок”, “Жолоочу Кранц”, “Таза аалам”, ж.б.
Режиссёрдук иш
“Таза аалам”
“Жафардын сыйкырдуу сааты”.

Айжаркын Дуйшембиева
Билими жана чыгармачылыгы
2016-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.
2016-жылдан бери М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет.
Спектаклдердеги ролдор
Ойногон спектаклдери: “Каркыранын канаты”, ,,Өтүкчөн мышык”, ,, Куу түлкү”, “Падыша Салтан жөнүндө жомок”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, ,,Куйручук”, ,,Саламатсызбы!”, ,,Күн коену” ж.б.
Атайын ролдор
“Кар балдар” спектаклинде жандуу планда Карганын ролун мыкты ойнойт.
Кошумча иш-чаралар
Түштүк Кореялык куурчак режиссеру Ю Донгдун – практикада кагаз куурчак каарманын жандандырган мастер-классына катышкан.

Эльмира Керимкулова
Жогорку категориядагы артист
2009-жылдан М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында

Дастан Эшимбеков
Билими жана чыгармачылыгы
2018-жылы КМИУтин бүтүргөн. Экинчи курста “Үйлөнүү” спектаклинде “Эң мыкты эркектин ролу үчүн” сыйлыгын алган. Жетекчилери: “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” Болот Тентимишов, Сайра Эсенбаева. Эки жыл “Мельница” жеке театрында иштеген.
2020-жылдан тартып М.Жангазиев атындагы КМТК иштейт.
Спектаклдердеги ролдор
Спектаклдери: “Күн коёну”, “Светофор”, “Падыша Салтан жөнүндө жомок”, “Жолоочу Кранц”, “Кичинекей ханзаада”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, “Эргежээл мурун” ж.б. мыкты ролдорду аткарат.
Кинотармагында
“Чоочун адам” сериалы – Юрист.

Элеман Абакиров
Билими жана чыгармачылыгы
2019-жылы Б.Бейшеналиева атындагы КМИМУну Эгемберди Чалабаевдин жетекчилиги астында бүтүргөн.
2023-жылдан тартып М.Жангазиев атындагы КМКТ иштейт.
Спектаклдердеги ролдор
Спектаклдери: “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, “Жолоочу Кранц”, “Кичинекей ханзаада”, “Өтүкчөн мышык”, “Светофор” ж.б.
Кинотармагында
“Милиционер Марат”,
“Жалгыз”,
“Чочун Киши”.

Гульзана Эркимбаева
Билими жана чыгармачылыгы
1997-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. (Хордун дирижеру бөлүмү)
2007-жылы МАУПФиБ жогорку окуу жайын (уюмдун менеджменти адистигин) окуп бүткөн.
2008 – жылдан бери М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында эмгектенет.
Спектаклдердеги ролдор
Учурда ойногон спектаклдери: Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы боюнча – “Найман эне”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”– Алиса,” А.С.Пушкиндин “Падыша Салтан жөнүндө жомок” – Каныша,” Генрих Диктин “Жолоочу Кранц”– Ханыша, “Өтүкчөн мышык ” – Ханбийке,
“Кичинекей ханзаада” – Роза, “Каркыранын канаты” – Гейша, турна, өлүм, ж.б. ондон ашык ролдор.

Майрам Момунтаева
Жогорку категориядагы артист
2014-жылдан М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында

Карина Саркосян
Жогорку категориядагы артист
2014-жылдан М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында

Анастасия Карелина
Билими жана чыгармачылыгы
1997-жылы СМАИде окуп (актердук-чеберчилик студиясынын устаканасы) Г.Д.Кирилловдун жетекчилигинде драмалык театр менен кино актеру адистигин алган.
Ошол эле жылы КРСУнун (Кыргыз-Россия Славян университетинин) филология илими факультетин бүтүп бакалавр даражасын алган.
ЖСТда (Жаштардын славян театрында) иштеген.
1998-2001-жылдары Россия Федерациясынын “Биринчи канал” телеканалынын “Кутман таң” программасында иштеген.
2001-2002-жылдары Кыргыз Республикасындагы Интерньюс компаниясында иштеген.
Ошондой эле “Вечерний Бишкек” басма үйүндө (маданият жана искусство тармагы боюнча) серепчи болуп иштеген, сайты: vb.kg
Швейцариянын кызматташуу бюросу жана “Акайын” фонду тарабынан өткөрүлгөн жаш драматургдардын республикалык биринчи сынагынын жеңүүчүсү болуп “Диплом” алган. Калыстар тобу: “Кире бергенде солдогу үчүнчү орундук…” жана “Бакыт жөнүндө кар жомогу” чыгармалары үчүн сыйлаган.
2023-жылдан бери Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын орус тилдүү группасында эмгектенет.
Спектаклдердеги ролдор
“Алиса кереметтер өлкөсүндө” музыкалык спектаклинде актриса Жашыл курт эженин образын, ал эми “Кичинекей ханзаада” философиялык жомогунда аэропорттун администраторунун образын элестүү жараткан.
Ойногон спектаклдери: “Алыска учуп кетпе!” (кар киши “жандуу план”), “Светофор” (апа, тарбиячы, зебра), “Падыша Салтан жөнүндө жомок” (ак куу, принц), “Алиса кереметтер өлкөсүндө” (Жашыл Курт “жандуу план”, масса), “Өтүкчөн мышык” (ханбийке), “Кар балдар” (кар кыз), “Жолоочу Кранц” (каракчы, ак ромашка сепилинин рыцары), “Кичинекей ханзаада” (аэропорттун администратору, аракеч, бийчи, масса) ж.б.