Пиноккионун жыгач шаары
К. Коллодинини «Жыгач куурчактын окуясы» жомогунун негизинде коюлган килемче-спектакль
Бул Карло Коллодинин «Жыгач куурчактын окуясы» жомогунун негизинде сахналаштырылган интерактивдүү коюлум. Башкы каарман Пиноккио менен бирге балдар жыгач оюнчуктардан шаар курушат. Бул жомокто көрүүчүлөр спектаклдин катышуучуларына айланат. Оюн учурунда курулган ар бир жаңы шаар Пиноккионун окуялары сыяктуу, уникалдуу жана кызыктуу болуп чыгат. Спектаклдин негизги максаты:
— Баланын фантазиясын жана кол-манжаларынын моторикасын өркүндөтөт.
— Мейкиндиктеги ой жүгүртүүгө үйрөтөт.
— Балдардын бир командада иштөө, бири-бирине жардам берүү жана жоопкерчиликти алуу көндүмүн өнүктүрөт.
— Спектаклге катышуу аркылуу балдар театрды жакшылап таанып, аны сүйүүгө үйрөнөт.
Действующие лица
Уста Джепетто — КР Эл артисти- Ж. Эркимбаев, Э. Адылбеков
Пиноккио — Н. Тойчиева, А. Бучукова
Чегиртке — Г. Мусабаева, Б. Дубанбек кызы
Келемиш — С. Манасбек уулу, Ж. Садыкбек уулу
Джепеттонун шакирти — К. Нурланбек уулу, Т. Мукамбет уулу
Билет баасы 500 сом
Кызыктын баарын өткөрүп жибербеш үчүн кирүү билеттерди (орун номери жок) алдын ала сатып алууну сунуштайбыз, анткени орун саны чектелүү.
Көңүл буруңуздар! Спектаклге кирүү үчүн ар бир көрүүчүгө, жашына карабастан, өзүнчө билет сатып алуу зарыл. Бул эрежеге түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Ал бизге бардык көрүүчүлөрдү ыңгайлуу жайгаштырууга жана орундардын санын так бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
